Жыл мугалими
1 март 2021-2022-окуу жылында
Кызыл -Октябрь орто мектебинде «Жыл мугалим 2022 » кароо сынагы болду.Иш чарада Кемин зонасынын мектептери катышты : Ак Бекет орто мектеби, Жаны -Алыш ,Нур, Чым Коргон , Ак Тилек ,
Ксш 1 , Кызыл -Октябрь орто мектептери катышты.
Кызыл-Октябрь орто мектебинен география мугалими Кабылбаева Жылдыз Элемановна мектептин намысын коргоду. Конкурстун талабына ылайык презентация 10 минут, инновациялык сабак 30 минут , видеосабак 10 минут болуш керек.
География мугалими Кабылбаева Жылдыз Эламановна өз кесибин сүйгөн , чыгармачылдыгын далилдеди. Сабак интерактивдүү метод менен өттү
Сабактын темасы :
» Көлдөр.» 6 класс.
Видео сабактын темасы » Австралия» 7класс.
Жыйынтыгында Чым Коргон орто мектебинин мугалими Айталиева Дильназ 1 орунду ээлесе , 2 орунду Кызыл -Октябрь орто мектебинин мугалими Кабылбаева Жылдыз Эламановна багындырды,
3 орун Жаны Алыш орто мектебинин мугалими алды.
Комментарии