Манас,Семетей,Сейтек уюму
2023-жылдын 8-сентябрында Кемин районун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу А.Ашырбаев атындагы Кызыл-Октябрь жалпы билим берүү орто мектебинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джумагазиев Канат Сагыновичтин демилгеси менен уюштурулган «Манас», «Семетей», «Сейтек» өспүрүмдөр уюмдарына официалдуу кирген мектептин алдыңкы окуучуларына төш белги тагуу жана жагоо байлоо иш-чарасы салтанаттуу түрдө белгиленип өттү.
Улуттук баалуулуктарды сактоо менен кыргыз элинин бай тарыхын, залкар таланттарын, коомдук ишмерлерин, тарыхый мурастарын, каада-салт, жөрөлгөлөрүн даңазалоого өсүп келе жаткан жаш муундарды жаштайынан үйрөтүү жана кан жанына сиңирүү «Манас жаштары» уюмунун негизги миссиясы болуп саналат.
Комментарии